Кино (топ)

Википедия дан

"Кино" ― 1980-жылдардагы эң популярдуу советтик рок-топтордун бири. Дээрлик бардык текст жана музыканын автору алмаштырылгыс түрдө Виктор Цой болгон. Анын өлүмүнөн кийин тогуз жыл ичинде жалпы жонунан студиялык альбомдор жүздөн ашык ыр, бир нече жыйнак жана концерттик жазмалар, ошондой эле көп сандаган расмий эмес бутлегдер чыгарган топ таркаган.

Топ - стилистикасы жагынан орус рокунун көпчүлүк салттык элементтеринен алыстаган. Атап айтканда, көп ирет кадыресе урма түзүлүштөрдүн ордуна дабышта кээде "дискотека" же "поп музыка" маанайын жараткан драммашинелер менен жасалган, програмдалуучу түрдүү эффекттер колдонулган. Чыгармачылыктын эрте баскычтарында ырлардын тематикасы өспүрүм турмушун жана сүйүү себептүү драмалык ой-толгоолорун чагылдырат. Мунун аркасы менен музыканттар "жаңы романтиктер" деген атакка татышкан. Кечирээк мезгилдеги тексттерде болсо, каармандык менен нааразылык дүйнө сезимдин трагедиялуулугу менен айкалышкан.

"Кинонун" атагы жылдан-жылга артып, башында музыканттар "батир отуруштарында" гана ойноп, расмий дагы, көмүскө дагы прессанын сынына кабылып келишсе, он жылдыктын аягында алардын пластинкалары миллиондогон тираждар менен тараган; алардын концерттерине стадион толо сүйүүчүлөр чогулуп турган. Топ Виктор Цойдун кайгылуу өлүмүнөн кийин күчөгөн "киномания" кубулушун пайда кылган. Музыканттын азыр да бар иш орду - постсоветтик өлкөлөрдөгү күйөрмандарынын зыярат жайына айланган. Кривоарбат тар көчөсүндө (Москва) "Цой дубалы" (орус. стена Цоя) пайда болуп, күйөрмандар аны ырлардан цитаталар жана топтун чыгармачылыгына сүйүү билдирген сөздөр менен толтурушкан. "Кино" элдик маданиятта жыш чагылып, алар калтырган мурас серепчи жана музыка таануучулар тарабынан жогорку бааланып келет.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]