Чат бот

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Чат бот (англ: chatbot, talkbot, chatterbot, Bot, Chatterbox, IM бот, интерактивдүү агент же жасалма баарлашуучу тарап) -- аудио же тексттик ыкмалар аркылуу маектешкен компүтердик программа. Мындай программалар адамдар баарлашуучу өнөктөш катары кандай жүрүм-турумга ээ болоорун ынандыра турганчалык тууроо үчүн жасалат. Анын натыйжасында ал Түриң сынагынан өтөт. Чат боттор адатта кардарларды тейлөө же маалымат алуу кызматтары сыяктуу диалог системдеринде ар кандай практикалык максаттарда пайдаланылат. Кээ бир чат боттор системдерди кабыл алган татаал табигый тилди колдонот, бирок көптөгөн жөнөкөйүрөөк системдер киргизүү ичинде эле ачкыч сөздөрдү скандап, андан соң эң көп туура келген ачкыч сөздөр менен, же болбосо эң окшош сөз белгилер аркылуу маалымат базасынан жоопту сууруп чыгат.

"ChatterBot" деген термин башында Майкл Молдин (Юлия аттуу биринчи верботтун жаратуучусу) тарабынан 1994-жылы сүйлөшүү программаларын сүрөттөш үчүн ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө чат боттор Google жардамчы сыяктуу виртуалдык жардамчылардын бир бөлүгү болуп саналат. Алар көптөгөн уюмдардын колдонмолору, вебсайттары, ошондой эле, Facebook Messenger сыяктуу ыкчам билдирүү платформалары аркылуу жеткиликтүү. Жардамчы эмес колдонмолорго көңүл ачуу, изилдөө максатындагы, белгилүү бир продукцияны, талапкерди же маселени жарнама кылган коомдук боттор кирет. Негизи Semantycs of Full On Net адамдын жүрүм-турумун туурап, маалыматтык базалар жана SAP сыяктуу ERP'лар менен өз ара алака түзөт. Кардарлар менен өз ара байланыш үчүн чат-ботторду колдонуунун артыкчылыктары катары чыгымдарды азайтуу, каржылык кеңеш берүү жана күнү-түнү жумасына 7 күн колдоо көрсөтүү кирет [1][2]. Бир нече изилдөөлөр кардарларды тейлөөнүн наркынын олуттуу төмөндөшү жөнүндө кабарлашат, бул кийинки он жылдын ичинде миллиарддаган долларларды үнөмдөөгө алып келет [3].

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

2016-жылдан баштап, Facebook бизнеске кардарларды автоматташтырылган колдоону, электрондук коммерция боюнча сунуштарды, мазмунду жана чатботтор аркылуу интерактивдүү тажрыйбаларды көрсөтүүгө уруксат бергенден кийин, Facebook Messenger платформасы үчүн көп сандагы чатботтор иштелип чыккан [4].

2019-жылы Gartner 2021-жылга карата дүйнө жүзү боюнча кардарлардын өз ара аракеттенүүсүнүн 15% толугу менен жасалма интеллект аркылуу ишке ашырылаарын болжолдогон [5]. Juniper Research тарабынан 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө, 2023-жылга карата чат-ботторду колдонуунун натыйжасында чекене сатуунун көлөмүн 112 миллиард долларга жетет деп болжолдойт [6].

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Meet 11 of the Most Interesting Chatbots in Banking. thefinancialbrand.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.
  2. What are the Impacts of AI on Customer Service in the Near Future?. helponclick.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.
  3. Understanding the Intelligent Chatbot for Banking System. marutitech.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.
  4. Facebook launches Messenger platform with chatbots. techcrunch.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.
  5. How to Manage Customer Service Technology Innovation. gartner.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.
  6. Chatbot interactions in retail to reach 22 billion by 2023, as ai offers compelling new engagement S. juniperresearch.com. Текшерилген күнү 26 Май (Бугу) 2022.