Аргын (гибрид)
Wikipedia дан
Аргын (гибрид) (латынча hybrida - аргын, чалыш) - өсүмдүк сортторун чаңдаштыруудан жана малдын түрдүү породаларын аргындаштыруудан алынган түр. Алынган аргындын көп касиети тукум кууп, чөйрө шарттарына жакшы ыңгайлангандыктан өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү, малдын кунардуулугу, тукумчулдугу кыйла жогорулайт. Аргындан баалуу жаңы сорттор, породалар чыгарылат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1