Wy/ky/Башбарак
Кыргызстанга саякаттайбыз
Таш-Рабат – Орто Азиядагы ири архитектуралык эстеликтердин бири. XV кылымда курулган. Ат-Башы кыш-нан 80 км Түштүк-чыгыш тарапта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км. Тимуриддер мамлекетинен Кытайга кеткен жолдогу бекемделген бул курулуш көпөстөр, элчилер жана миссионерлер түнөп өткөн кербен сарай деп болжолдонот. Т.-Р. архитектуралык көрүнүшү жагынан Самаркан курулуштарына окшош. Бийиктиги 20 мдей. Тик бурчтуу формадагы 31 бөлмөдөн турат (алардын 20сы там чамгарак, 11и свод менен жабылган). Тышкы дубалынын калыңдыгы 1,80–2,20; 2,26–2,60 м, ички дубалыныкы 1,07ден 1,84 мге чейин. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт: 1) 16,25ґ3,75 м болгон Борбордук коридор; 2) бөлмөлөр Борбордук коридордун оң, сол жагына орношкон; 3) 9,25ґ9,15 м келген Борбордук там чамгарак залы жана анын тегерегинде жайгашкан бөлмөлөр. Борбордук коридордогу 1–эшик аркылуу үч кароол үйүнө өтөт. Экинчи топто аткана бар. Таш-Рабаттын негизги фасады чыгышты карайт. .... калганын окуу |
Чет жакка барабыз
Ло́ндон (англ. London [ˈlʌndən] (i)) – Улуу Британия Бириккен Падышалыгынын жана Түндүк Ирландиянын борбору, Англиядагы шаар. Административдик түрдө, церемониалдык Чоң Лондон жана Сити графтыктарынан турган, Чоң Лондон аймагын түзөт. |
Саякатчылар үйү — катышуучулар өз ой-пикирлери менен бөлүшө ала турган, жардам сурап жана деги эле Уикисаякат тууралуу сүйлөшө ала турган жай. Бизге кирип кетиңиздер! |