Уи́ки

Wikipedia дан

Уи́ки — мазмунун колдонуучулар өздөрү, сайт тарабынан берилген куралдардын жардамы менен, өзгөртө ала турган веб-сайт. Тексттерди оңдоо жана ар түрдүү объектилерди орнотуу үчүн атайын уики-белгилөө колдонулат. Ушул технологиянын негизинде Уикипедия жана башка Уикимедия Фондунун долбоорлору түзүлгөн.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сайтты сүрөттөөдө, эң биринчи жолу «уики» термини 1995-жылы, "Портленддик үлгүлөр сактоочусунун"[1] негизи болуп 1995-жылдын 25 мартта түзүлгөн WikiWikiWeb аттуу эң биринчи уики-системинин түзүүчүсү Уорд Каннингем тарабынан колдонулган. Бул сөз гавай тилинен алынган, «тез» дегенди түшүндүрөт. [2] [3] Каннингем биринчи башында "иштеши мүмкүн болгон эң жөнөкөй он-лайн берилимдер базасы" деп сүрөттөгөн. [4] Кийинчерээк, бул сөзгө тийиштүү кийинки англис бэкронимин ойлоп табышкан: What I Know Is…. [5]

Уики концепциясынын маңызы[оңдоо | булагын оңдоо]

Уорд Каннингем жана анын Бо Леуф аттуу авторлошу, биргелешип жазган The Wiki Way: Quick Collaboration on the Web деген китебинде Уики концепциясын кийинкидей сүрөттөшкөн:

  • Уики, Уики-сайтта, кошумча кеңейтимдери жок эле кадимки веб-браузердин жардамы менен каалаган бетти оңдоого же жаратууга бардык колдонуучуларга мүмкүнчүлүк берет.
  • Уики ар кандай беттер ортосунда, интуитивдик жол менен эле шилтемелерди колдонуп байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана ошол беттер бар же жок экенин көрсөтөт.
  • Уики кокусунан кирип калган колдонуучулар үчүн жакшылап түзүлгөн сайт эмес. Уики, тескерисинче кирүүчүлөрдү, сайттын түзүлүш-көрүнүшүн такай кубулжутуп турган үзгүлтүксүз жаратуу процессине катышууга чакырат.

Негизги касиеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Уикинин кийинкидей касиеттери бар:

  • Текстти бир нече ирет оңдоо мүмкүнчүлүгү. Бул касиет уики-чөйрө (сайт) тарабынан камсыз кылынат, редактор тарабына эч кандай кошумча талаптар койулбайт.
    • Уикинин уики-белгилөө деп аталган өзгөчө белгилөө тили бар. Ал, текст арасында түзүлүштүк элементтерди жана шилтемелерди тез эле белгилегенге, кээ бир элементтерди оңдоого жана тескөөгө жардам берет.
    • Уикинин беттерди нускалоо системасы бар. Ал оңдоолор арасындагы өзгөрүүлөрдү байкоого, жана мурунку нускага кайтууга жардам берет.
  • Киргизилген өзгөрүүлөрдүн дароо көрүнүшү.
  • Тексттин мазмунун аталыштар энчиленген беттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү.
    • Шилтемелөө мүмкүнчүлүгү: сайттын беттери жана уул бөлүмдөрү контексттик шилтемелер аркылуу байланышат.
  • Авторлоштук. Кээ бир уики макалаларды сайттын бардык кирүүчүлөрү оңдой алат.

Техникалык негизи[оңдоо | булагын оңдоо]

Уики-текстти MediaWikiде оңдоо

Уики-чөйрө түзүү үчүн атайын ПӨ керек болот — уики-кыймылдаткыч. Бул сайтты башкаруу системасынын өзгөчө түрү — түзүлүшү жана фунционалдуулугу жагынан абдан жөнөкөй, анткени аны түзүлүштүрүүнү жана анын мазмунун иштетип чыгууну колдонуучу "кол түрүндө" аткарат. Уикипедия жана Уикимедиа Фондунун башка долбоорлору MediaWiki кыймылдаткычында куралган.

Өзгөчөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Уики тилиндеги уики-беттерди байланыштыруучу шилтемелери HTMLдегиге караганда көрсөтмөлүүрөөк жана коопсуздуураак, анткени JavaScript жана Катарланган Стилдер Жадыбалы чектелген түрдө колдонулат.

Вандализм[оңдоо | булагын оңдоо]

Кээ бир уикилерди ар бир каалоочу, катталбаган колдонуучу болсо деле, өзгөртө алат. Бейбаштар ар кандай үйлөрдүн дубалдарын, дарбазаларын граффитилеп кеткен сыяктуу, уики-макалаларын да атайылап бузуп, орунсуз маалымат жазган учурлар да болот. Бирок, бактыга жараша, үйлөрдүн дубалдарынан, дарбазаларынан айрымаланып, Уикипедияда макаланын мурунку нускасын кайтарып алса болот: бузгандан оңдогон оңой. Болбой эле баратса, бир нече жолу бейбаштык кылган колдонуучуга макалаларды өзгөртүүгө тыйуу салып койсо болот: IP-дарегин же колдонуучу атын кара тизмеге киргизип койсо болот.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Portland Pattern Repository
  2. Correspondence on the Etymology of Wiki, Ward Cunningham, c2.com Калып:Текшерилген
  3. Hawaiian words; hawaiian to english, mauimapp.com Калып:Текшерилген
  4. Ward Cunningham’s original description of Wiki
  5. The wiki principle, The Economist Калып:Текшерилген

Окшош барактар[оңдоо | булагын оңдоо]