Портал:Археология
|
|
Кыргызстан археологиясы |
Долбоор Археология |
Долбоор талкуусу |
Катышуучулар |
«Археология» порталы
Кезектеги тема: 2012-жыл... : Чыгышевропа талааларында жана токой-талааларындагы коло доору …
|
Портал:Археология
Археоло́гия (б.-грек. ἀρχαῖος — байыркы жана λόγος — окуу, үйрөнүү) — адамзатынын тарыхый өтмүшүн буюм булактар аркылуу изилдөөчү тарыхый тармак.
Тандалган сүрөт
Тандалган макала
Пазырык маданияты – Тоолуу Алтайда тараган көчмөн уруулардын б.з.ч. 7–3-кылымга тиешелүү маданияты. Пазырык, Туяхты, Башадар, Катанда, Шибе, Уландрык, Юстыд, Айгюгем, Үкөк, Ак-Алах, Кутурган өңдүү дүйнөгө белгилүү 15тен ашык эстелик кирет.
Пазырык маданияты ар кандай этностук топторду бириктирген көп кырдуу маданият.
Пазырык маданиятында маркумдун сөөгүн жыгач табытка салып, терең чуңкурга көмүшкөн. Көрдүн дубалдарын шыргый, карагай менен аштап коюшкан. Үстүн карагай менен жабышып, маркумдун жанына бир нече жылкыны кошо көмүшкөн. Көрдүн үстүнө таш дөбө курулган. Жер алдындагы көрлөр мөңгү сууларынын жана нымдын натыйжасында тоңуп, андагы буюмдар азыркы мезгилге чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. Көрүстөндөрдө кооздук буюмдары, аттын жыгачтан жасалган жүгөнү, шырдактар табылган. Шырдактардагы оюулардын жасалышы азыркы кыргыз, казак шырдактарына окшош.
Жаңы макалалар
Айдын тематикасы
Чыгышевропа талааларында жана токой-талааларындагы коло доору
Тандалган инсан
Юлий Сергеевич Худяков - орусиялык таанымал археолог, тарыхчы, кыргыз таануучу, курал-жарак тарыхын иликтөөчү, этнолог. Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору. Юлий Сергеевич Худяков орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибир, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Тарых илимдеринин доктору. Кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев профессор Худяковдун илимий жетекчилиги астында археология адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
Билесизби…
Түрмөктөр
Калыптар
Долбоордун калыптары
- {{archeology-stub}}
- {{archeologist-stub}}
- {{ArcheologyInvitation}}